Ысык-Көлдө 20 жаштагы жигит асынган абалда табылды. Ата-энеси эмне дейт?
Ысык-Көлдө 20 жаштагы жигит өз үйүндө жанын кыйды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 16-декабрда саат 21:10 чамасында Ысык-Көл ОИИБдин "112" кызматына Кара-Ой айылынын тургуну өз үйүндө жанын кыйганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция кызматкерлери 20 жаштагы жигиттин жансыз денесин табышкан.
Ата-энесинин айтымында, саат 20:30 чамасында уулун сарайда асынган абалда табышкан. Арканды кесип, жансыз денени үйүнө алып киришкен. Ошол учурда жигиттин эс-учу болгон эмес.
Жансыз денени кароо учурунда аркандын тагынан башка так болгон эмес. Аталган факты каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы менен чечим чыгарылат.