SerepTV Logo

Ысык-Көлдө 2 жаран үйүндө ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактап жүрүшкөн

Ысык-Көлдө 2 жаран үйүндө ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактап жүрүшкөн
Ысык-Көлдөгү Каракол шаарынын тургунунан мыйзамсыз ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. Тийиштүү тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, шектүү адамдын аты-жөнү аныкталган. Ал шаардын 44 жаштагы тургуну болуп чыккан. Мыйзамдуу тинтүү иштеринин жүрүшүндө, анын үйүнөн чачылган түрдө белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал, ошондой эле 5,45 миллиметр калибриндеги 4 даана жана кичи калибрдеги 3 даана октор табылып алынган. Андан тышкары, кызматкерлер тарабынан 36 жаштагы Түп районунун тургунунун үйүнөн 7,62 миллиметр  калибриндеги 20 даана октору табылып алынды. Аныкталган 2 факты боюнча материалдар юридикалык баа берүү үчүн облустук милициянын тергөө кызматына өткөрүп берилди. Соттук-баллистикалык экспертизасы дайындалды. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="92048,92049,92050"]