SerepTV Logo

Ысык-Көлдөгү үрөй учурган жол кырсык. Дагы бир жигит ооруканада көз жумду

Ысык-Көлдөгү үрөй учурган жол кырсык. Дагы бир жигит ооруканада көз жумду
Ысык-Көл облусунун Түп районунда катталган үрөй учурган жол кырсыгынан дагы бир бала көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Окуя кечээ, 12-апрель күнү саат 23:14тө Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 204-чакырымында Михайловка айылына жакын жерде болгон. Анда Toyota Camry жана Audi C4 унаалары сүзүшкөн. Алгач 19-20 жаштагы 3 жигит көз жумуп, дагы 3 жигит Түп райондук ооруканасына Тез жардам аркылуу жеткирилгени айтылган. "Ооруканада жаткан дагы бир жаш жигит көз жумду", — деп билдиришти ӨКМден.
edita