Ысык-Көл облусунда жер титиреди
Кечээ, 2-июнда болжол менен саат 15:29 чамасында Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Анын күчү Жети-Өгүз районунун Подгорный айылында 3,5 баллга, Светлая-Поляна, Оргочор, Жети-Өгүз, Кызыл-Суу, Чоң-Кызыл-Суу, Жалгыз-Өрүк, Саруу, Тилекмат, Ырдык айылдарында жана Каракол шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.