SerepTV Logo

Ысык-Атада үч унаа сүзүшүп, бир адам жабыркады

Ысык-Атада үч унаа сүзүшүп, бир адам жабыркады
Бүгүн, 30-августта Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 50-чакырымында Ысык-Ата районуна караштуу Кең-Булуң айылында Subaru Outback, Лексус 570 жана Toyota Wish үлгүсүндөгү унаалар сүзүштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши жабыркаган. Куткаруучулар жабыркаган жаранды унаадан чыгарышып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="69959,69960,69961"]