SerepTV Logo

Ысык-Атада унаа уурдоого шектелип мурда соттолгон 28 жаштагы жигит кармалды

Ысык-Атада унаа уурдоого шектелип мурда соттолгон 28 жаштагы жигит кармалды
Ысык-Ата районунда унаа урдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 10-май күнү Ысык-Ата РИИБге Кант шаарынын 1995-жылы туулган жашоочусу арыз менен кайрылып, ошол эле  күнү анын Фольсваген Гольф-3 үлгүсүндөгү унаасын Ново-Покровка айылындагы көчөлөрдүн биринен белгисиз бирөө айдап кеткенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 206-беренеси (автотранспорт каражаттарын айдай качуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Жогорудагы кылмышка шектелип, мурда сотттолгон 1993-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Уурдалган унаа табылып, айып төлөөчү  жайга коюлган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
edita