Ысык-Атада мечитте өрт чыкты (сүрөт)
Чүй облусунда мечитте өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт Ысык-Ата районуна караштуу Кеңеш айылынын Кочкорбаев көчөсүндө жайгашкан мечитте чыккан. Өрттү өчүрүүгө 3 бөлүм тартылып, жалын саат 08:35те чектөөгө алынды.
"Азыркы учурда 3 бөлүм иш алып барууда, өрттөн жабыркагандар жок. Кырсыктын болжолдуу себеби - электр зымдарынын кыска чыңалуусу. Жеринде Ысык-Ата райондук ӨКБнүн башчысы полковник Бакыт Молдоисаев башында турган ыкчам топ иш алып барышууда. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="42359,42360,42361,42362,42363"]