Ысык-Атада күйөөсүн балка менен чаап өлтүрүүгө шектелип 27 жаштагы келин кармалды
Ысык-Ата районунда күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 6-апрель күнү болжол менен саат 10:00 чамаларында Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ысык-Ата РИИБдин ыкчам тергөө тобу Ивановка айылындагы үйлөрдүн биринен эркек кишинин жаракаттары менен жансыз денесин табышкан. Териштирүү учурунда ал 34 жаштагы жаран экендиги такталган. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө, кылмышка шектүү катары маркумдун 27 жаштагы аялы кармалган. Алдын ала маалыматтар боюнча маркум мас абалында аялы менен уруша кеткен. Ачуу арасында аялы аны балка менен күйөөсүнүн башына чапкан. Каргашалуу окуядан соң аялы далил буюмдарды каналга ыргытып, өзү туугандарынын үйүнө кетип калган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.