SerepTV Logo

Ысык-Атада жол кырсыгынан 23 жаштагы айдоочу каза болду

Ысык-Атада жол кырсыгынан 23 жаштагы айдоочу каза болду
Бүгүн, 25-майда таңкы саат 06:12 чамасында Ысык-Ата районунда жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 49-чакырымында Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу 1998-жылы туулган эркек бала каза болгон. Кырсык болгон жерге куткаруучулар тартылып, маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти. [video width="352" height="640" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/05/189666585_2866611170243782_2899176391670009654_n.mp4"][/video]
admin@supertv.kg