Ысык-Атада фермадан өрт чыгып, 18 бука күйүп кетти (сүрөт)
Кечээ, 10-июнда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Бирдик айылындагы мал фермадан ири өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Тилсиз жоонун кесепетинен жалпы аянты 500 чарчы метр болгон сарай жана үстүндө жыйылган 2 миң түк чөп, сарайда байлоодо турган 18 баш бука күйүп кеткен. Ал эми 15 баш бука аман калган. Өрттүн себеби такталууда.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="287281,287282"]