Ысык-Атада эки унаа сүзүшүп, 20 жана 16 жаштагы жигиттер жабыркады
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 50-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Лексус-470 жана VW GOLF үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 2001 жана 2005-жылы туулган жигиттер жабыркаган. Куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган адамдарды Тез жардам кызматкерлери алып кетишкен.