SerepTV Logo

Ысык-Атада дайынсыз болуп жаткан жаранды Чоң Чүй каналынан издөө иштери уланат

Ысык-Атада дайынсыз болуп жаткан жаранды Чоң Чүй каналынан издөө иштери уланат
Ысык-Ата районунда дайынсыз жоголгон эркек кишини издөө иштери уланат. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, 7-февралда Ысык-Ата районунда 1972-жылы туулган эркек киши дайынсыз жоголгон. Жоголгон жарандын бут кийими Чоң Чүй каналдын боюнан табылгандыктан жакындары каналды бойлоп издеп берүү өтүнүчү менен кайрылган. “Ошол жерге издөө иштерин жүргүзүү үчүн №21 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылган. 16-февраль күнү издөө иштери улантылат”, - деп жазылат маалыматта.
edita