Ысык-Ата РИИБден качып кеткен оор кылмыштарга шектүү кармалды
Ысык-Ата РИИБден качып кеткен оор кылмыштарга шектүү кармалды. Ал Бишкектин аймагында жашынып жүргөн. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
5-июнь күнү саат 01:40 чамасында Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен Балыкчы шаарынын тургуну 1994-жылы туулган Кушубек Сабыров изделүүдө. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (адамды уурдоо), 207-беренеси (каракчылык), 169-беренеси (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен айыпталып, кылмыш иши соттун карамагына 30-май күнү өткөн.