Ысык-Ата районундагы турак үйдөн чыккан өрт 1 адамдын өмүрүн алды
Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, кесепетинен 62 жаштагы эркек киши көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
“Крупский көчөсүндө жайгашкан №15 турак үйдүн 120 чарчы метр чатыры жана ички жасалгасы өрттөнгөн. Өрттүн кеспетинен 1959-жылы туулган жаран каза болду. Маркумдун жансыз денеси ИИМдин кызаткерлерине өткөрүлүп берилди. Учурда өрттүн себеби такталууда”,- деп айтылат маалыматта.