Ысык-Ата районунда "Дөө Чыңгызды" жерге берүү зыйнаты болууда (фото)
Бүгүн, 1-августта "Дөө Чыңгыз" каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловду жерге берүү зыйнаты болууда. Бул тууралуу Турмуш басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Жумагуловду өзү туулуп-өскөн Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ичке-Суу айылына жерге беришет.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="129818,129819,129820,129821"]
Эске салсак, Чыңгыз Жумагуловду 30-июль күнү камерада чогуу отурган адам мууздап өлтүргөнү маалымдалган. Ал жеке кастыгынан бул ишке барганын айтып, күнөөсүн моюнуна алган.