"Үйүнөн чыкпай калган". Кеминде 30 жаштагы жаранды аталаш тууганы өлтүргөн деп шектелүүдө
Кемин районунда киши өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
19-июнь күнү Кемин РИИБге жергиликтүү жашоочу кайрылып, анын кошунасы бир нече күндөн бери үйүнөн көрүнбөй калгандыгын билдирген. Жогорудагы маалыматты текшерүү үчүн көрсөтүлгөн дарекке милиция кызматкерлери барышкан. Барган учурда үйдө 1992-жылы туулган жарандын жансыз денеси табылып, анын дене жаракаттары аныкталып, киши колдуу болгондугу такталган.
Бул факты Кемин РИИБи тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Кылмышка шектелип аталаш бир тууган агасы 1979-жылы туулаган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.