SerepTV Logo

Үйлөнүү тойго келип коноктордун уулануусу боюнча милиция кызматкерлери иш козгошту

Үйлөнүү тойго келип коноктордун уулануусу боюнча милиция кызматкерлери иш козгошту
Сокулук районунда жайгашкан кафелердин биринде тойдо коноктор ууланып, кылмыш иши козголгонун Чүй ОИИББинен билдиришти. Маалым болгондой, 27-декабрда 37 жаштагы жергиликтүү тургун милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 24-декабрда кафелердин биринде үйлөнүү тою болуп, андан кийин коноктор тамактан ууланып, ооруканага түшүп калышкан. Факты боюнча "санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу" беренеси менен кылмыш иши ачылып,  Сокулук райондук санитардык-эпидемиологиялык борборуна кат жөнөтүлгөн. Ал эми Чүй ОИИББинен канча адам уулангандыгы жана кайсы тамак-аштан улам ууланып калышканы азырынча белгисиз экендигин маалым кылышты.
Unknown Author