SerepTV Logo

"Үчөөңөр 10 миңден алып келесиңер". Жалал-Абаддагы техникумдун директору кармалды (видео)

"Үчөөңөр 10 миңден алып келесиңер". Жалал-Абаддагы техникумдун директору кармалды (видео)
Жалал-Абад маданият техникумунун директору абитуриенттерден пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК билим берүү системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Жалал-Абад маданият техникумунун директору өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жасалма жол менен тоскоолдуктарды жаратуу аркылуу, абитуриенттерден техникумга кирүү үчүн акча талап кылгандыгын аныктады. 23-июлда Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн (опузалап пара талап кылуу) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад маданият техникумунун директору пара алып жаткан жеринен кармалды. Учурда кармалган жаран УКМКнын Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.