SerepTV Logo

Вознесеновка айылына туугандарыныкына барган 17 жаштагы өспүрүм асынган абалда табылды

Вознесеновка айылына туугандарыныкына барган 17 жаштагы өспүрүм асынган абалда табылды
"Вознесеновкада 17 жаштагы өспүрүм асынып каза болду" деген маалыматты Чүй ОИИБ тастыктады. Маалыматка караганда, кечээ, 17-майда болжол менен саат 01:07 чамасында Панфилов РИИБдин "102" кызматына Вознесеновка айылындагы сарайдан өспүрүмдүн асынган абалда табылганы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барган. Факты такталып, каза болгон өспүрүмдүн аты-жөнү жана 2004-жылы туулгандыгы аныкталган. Тергөө иштери башталып, учурда милиция өспүрүмдүн өлүмүнүн себебин аныктап жатат. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, 17 жаштагы өспүрүм Кара-Балта шаарында 2001-жылы туулган агасы менен жашачу. Ал аталган айылга туугандарыныкына барган.
edita