SerepTV Logo

Военно-Антоновка айылындагы өрт 64 жаштагы аялдын өмүрүн алды

Военно-Антоновка айылындагы өрт 64 жаштагы аялдын өмүрүн алды

Чүй облусунун Военно-Антоновка айылында 64 жаштагы аял өрттөн каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Өрттөн үйдүн жыгач чатыры жана үй эмеректери күйүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1957-жылы туулган аял каза болгон. Анын сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди. Окуянын себептери иликтенүүдө.