SerepTV Logo

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 1 килограмм гашиш менен кармалды

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 1 килограмм гашиш менен кармалды
17-февралда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү 1 килограмм гашиш менен Баткенден кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 1988-жылы туулган шектүү уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары Ош облусунун аймагында баңгизат сатуу менен алектенип келген. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат жалпы салмагы 1 килограммга жакын гашиш болуп чыкты. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="275049,275048"]