SerepTV Logo

Уурулукка шектелип кармалган жаран ооруканадан качып кетти

Уурулукка шектелип кармалган жаран ооруканадан качып кетти
Бишкекте М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда соттолуучу качып кетти. Бул маалыматты Бишкек ШИИБинен Сереп Медиа агенттигине тастыкташты. Маалыматка караганда, 26 жаштагы Б.Ж. уурулукка шектелип кармалган. Учурда аны кармоо үчүн «Сирена» планы жарыяланды. Шектүү торакалдык хирургияда дарыланып жаткан. Шаардык милициядан кошумча маалымат берилерин билдиришти.
Unknown Author