SerepTV Logo

Уурдалган унаа жолдон күйүп кеткен. Кылмышка шектүүлөр колго түштү

Уурдалган унаа жолдон күйүп кеткен. Кылмышка шектүүлөр колго түштү
Чүй облусунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери унаа уурдоого шектүүлөрдү кармады. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. 5-апрель күнү Жайыл РИИБине 56 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Ал 4-апрелден 5-апрелге караган түнү Хонда Концерто үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 206-беренеси (автотранспорт каражаттарын айдай качуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Чүй ОИИБдин жана Жайыл РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 19 жаштагы жана 25 жаштагы жарандар кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышка шектүүлөр унааны уурдап, тетиктерин чачып, сатуу үчүн Бишкек шаарын көздөй бет алышкан. Белгисиз себептерден улам жолдон автоунаа күйүп кеткен. Алар унаадагы өрттү өчүрө алышпай, аны унаа токтотуучу жайлардын бирине токтотуп, өздөрү качып кеткени маалым болгон. Милиция кызматкерлери тарабынан автоунаа күйгөн абалда табылган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
edita