SerepTV Logo

Ала качып кеткен кыздын өлтүрүлүшү. Кызды уурдоого шектелгендердин бири кармалды

Ала качып кеткен кыздын өлтүрүлүшү. Кызды уурдоого шектелгендердин бири кармалды
Милиция кызматкерлери тарабынан адам уурдоого шектелген жарандардын бири кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Бүгүн, 7-апрелде Бишкек ШИИБдин кызматкерлери тарабынан борбордун аймагында 1994-жылы туулган Айзада Канатбекованы уурдап кетүүгө шериктештердин бири аныкталган. Ыкчам маалыматты жүргүзүү учурунда адам уурдоого шектелип 1992-жылы туулган Р.А., кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Бул факты боюнча Жазык кодексинин 98-беренесине ылайык кылмыш иши козголду.

"Криминалдык милициянын ыкчам кызматкерлери уурдап кетүүгө шектелген калган 2 жаран тууралуу толук маалыматтарын аныкташты. Учурда эки шектүүнүнүн турган жерин аныктоо жана камакка алуу иштерин улантууда", - деп айтылат маалыматта.

Айзада Канатбекова 5-апрелден бери ала качып кетти делинип изделип жаткан. Бүгүн, 7-апрелде кыз менен аны ала качкан жигиттин сөөгү табылды. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча ала качкан жаран кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө-өзү кол салган.
edita