SerepTV Logo

Уурдалган Айзаданын өлтүрүлүшү. Шектүүлөр 2 айга камакка алынды

Уурдалган Айзаданын өлтүрүлүшү. Шектүүлөр 2 айга камакка алынды
Бишкектин Свердлов райондук соту Айзада Канатбекованы уурдоого шектүү төрт кишинин баш коргоо чарасын тандады. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, кылмышка шектүүлөр Бишкектеги биринчи тергөө абагына эки айга, 7-июнга чейин камакка алынган. Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, шектүүлөр 7-8-апрелде кармалган. Акыркы болуп кармалгандардын бири 1995-жылы туулган жаран. Ал Бишкек шаарында колго түшүрүлгөн. Экинчи шектүү 1991-жылы туулган. Ал Жалал-Абад облусунда кармалган. Буга чейин 7-апрелде 2 шектүү кармалган эле. 27 жаштагы Айзада Канатбекованы 5-апрелде эртең менен уурдап кетип, андан кийин муунтуп өлтүргөн шектүү Орусияда 3 ирет сот жообуна тартылганы эртеси маалым болгон. Алгач кызды өлүтүрүүгө шектелип, андан кийин өзүнүн жанын кыйган делген Замирбек Теңизбаев 1985-жылы 22-апрелде Ош облусунда төрөлгөн. Айзаданын сөөгү Балыкчы шаарында жерге берилди. Ал таята, таенесинин колунда өскөн. Ал эми шектүүнүн сөөгү өзү төрөлгөн айылында жерге берилгени айтылды.
edita