SerepTV Logo

Уулунун сөөгүн кучактап отурган эне. Чүйдөгү кырсыктын чоо-жайы

Уулунун сөөгүн кучактап отурган эне. Чүйдөгү кырсыктын чоо-жайы
Кечээ, 1-апрелде соцтармак колдонуучулары видео менен бөлүшүштү. Анда аял кишинин жолдо жаткан баласын кучактап отурганын көрүүгө болот эле. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздун камсыздоо башкармалыгынан кырсыктын чоо-жайын айтышты. "1-апрель күнү саат 16:25 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 8-чакырымынан “АЙМЭ” ишканасына караштуу 374 “Бишкек - Кара-Балта” маршруттук каттамында жүргөн Мерседес Бенц 313 үлгүсүндөгү унаасы чыгыштан батышты карай бара жатып түндүктөн түштүктү көздөй жөө өтмөктөн чуркап чыга калган 2015-жылы тулган баланы сүзүп алган. Жол кырсыктын кесепетинен жөө жүргүнчү каза болуп калган. Азыркы учурда Сокулук РИИБ жана ЖККБнын кызматкерлери тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө", - дешти.