Уулунун көкүрөгүнө бычак сайып өлтүргөн деп шектелген эне сегиз жылга эркинен ажыратылды
Бишкектин Биринчи Май райондук соту уулун өлтүрдү деп шектелген 62 жаштагы аялга карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу "24.кг" сайты жазды. Маалымат боюнча, мас абалындагы аял III топтогу майып болгон уулун төшүнө бычак менен урган. 41 жаштагы адам алган жаракатынан улам көз жумган.
Сотто айыпталуучу күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алган. Анын айтымында, уулун өлтүрүү ою болгон эмес. Окуя болгон күнү шектүүнүн таанышы бир бөтөлкө арак көтөрүп келген. Андан кийин каза болгон уулу, шектүү жана үйүнө келген конок үчөө ичишкен. Конок кеткенден кийин уулу апасына дагы спирт ичимдигин алып келүүсүн суранган. Шектүү баш тартканда маркум үйдө ызы-чуу чыгарып, апасына акарат келтирген. Мас абалында болгон эне ага чыдабай ашкана бычагы менен уулунун көкүрөгүнө сайган. Бирок шектүү ошол замат кошунасына чуркап барып, бул окуянын кандай болуп кеткендигин айтып берген.
Соттун өкүмү менен кылмышка шектүү аял сегиз жылга эркинен ажыратылып, 100 миң сом айып пул салынган.