"Уулумсуз кантип жашайм? Ким жооп берет?". Аквапаркта чөгүп каза болгон баланын апасы каргашалуу окуя тууралуу үн катты
6-июнь күнү Бишкектеги "Ала-Тоо" аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза болгон. Маркумдун апасы социалдык баракча аркылуу окуя кандай болгонун жазып чыкты.
"Уулум классы менен "Ала-Тоо" аквапаркына барган. Бизге куткаруучулар, эки ата-эне болорун ишендирип айтышкан. Мен мектепке жана куткаруучу делгендерге ишендим. Менин уулум чөгүп кетти. Жадакалса "Тез жардамды" убагында чакырышпаптыр. 15 мүнөттөн кийин баламды кыйнап салышып, анан чакырышыптыр. Мен уулума келгенде гана алар келишти. "Тез жардам" алар келгенче балам чарчап калганын айтышты. Мен эми кантип уулумсуз жашайм? Баламдын каза болгонуна ким жооп берет? Куткаруучулар ошол убакта кайсы жакта болушкан?
Бизди, бардык ата-энелерди куткаруучулар болот деп ишендиришкен. Бир айдан кийин уулум 10 жашка чыкмак. Энеси карабайт беле деп мени жамандабагылачы, сураныч. Мен баламдын жаны үзүлүп калганда келдим. Сураныч, балдарыңарды эч кимге ишенип тапшырбагыла", - деп жазган энеси.
Милициядан №95 мектеп-гимназиясынын администрациясы ата-энелери менен биргеликте окуучуларга уюштурган эс алууда бала сууга чөгүп каза болгонун билдиришкен. Мэриядан комиссия түзүлгөнүн маалымдап, анда мектеп жамаатынын канчалык деңгээлде катыштыгы бар экени жана жоопкерчилиги аныкталарын айтышкан.