"Уулум эжесин куткарам дептир". Мурас-Ордодо бир учурда 2 баласынан айрылган ата окуя тууралуу айтып берди (видео)
SUPERTV’га Аламүдүн районунун Мурас-Ордо жаңы конушундагы бир катар тургун балдарынын ошол аймактагы көлмөгө чөгүп, каза болгонун айтып кайрылышты. Алардын бири баласынын муз тээп жүргөн жеринен муз жарылып чөккөнүн айтса, дагы бири “балам балык кармайм деп чөгүп кетти” дейт. Ал эми бир убакта эки баласынан ажыраган ата “уулум кызымды куткарам деп, экөөнүн тең өмүрүн ушул көлмө алды” дейт. “Улам бир бала чөгүп жатат. Бизге балык эмес, бала керек” деген Мурас-Ордонун жашоочулары көлмөнүн жабылышын талап кылышат.
"2-март күнү апасы баласы менен телефондо сүйлөштү. "Апа, мен сизди жакшы көрөм, атамды жакшы көрөм" деди уулум. Уулумдун акыркы сөзү ушул болду. 3 сааттан кийин апасы жумушка кетти. Байкемдин баласы чалып, "Балдар сууга түшүп кетишти, тез келгиле. Кызыңыз чарчап калды, уулуңуз ооруканада" деди. Мен жубайыма эч нерсе айтпай алып келе жаткам", - деди ал.
"5 балам бар. 3 кызымды турмушка бергем. Экөө мектеп курагында болчу. Биздин жаныбызда, Орусияда окуталы десек, көп документ чогултуу керек экен. Кыргызстанда күйөө балам менен кызым карап жаткан. Кызым түштө ойноп келсин деп чыгарыптыр. Элдин айтымы боюнча, кызым кыздар менен келип, муз тээп жаткан экен. Уулум ушул жактагы досуна келсе, атасы чыгарбай коюптур. Уулум кетип бара жатып, эжесин көрүп калат. Эжесин суудан чыгарам дегенде муздун алдына кирип кетиптир. Уулум 9 жашта болчу, кызым 5-класс болчу", - деди атасы.
https://youtu.be/gXk2cTv4Mww