SerepTV Logo

"Урушуп кеттик". Бишкекте айдоочу унааны сүзүп, из жашырып кеткен

"Урушуп кеттик". Бишкекте айдоочу унааны сүзүп, из жашырып кеткен
Кечээ, 15-октябрда соцтармактарга унааны сүзүп, айдоочуну жөөлөтүп качып кеткен айдоочунун видеосу тараган. Милициянын кайгуул кызматынан жол кырсык тууралуу маалымат беришти. Алардын маалыматы боюнча айдоочу кармалып, унаасы айып короого токтотулду. Окуя 15-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Шота Рустовели менен Юрий Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. 1996-жылы туулган айдоочу Соната үлгүсүндөгү унаасы менен жол кырсыгы болгон жерден белгисиз тарапка кетип калган. Учурда окуя Милициянын кайгуул кызматында катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалып териштирүү иштери башталды.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от УПСМ г.Бишкек (@upsm_kg)