SerepTV Logo

"Уруша кетип бычак сайган". Кеминде күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аял кармалды

"Уруша кетип бычак сайган". Кеминде күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аял кармалды
Чүй облусунун Кемин районунда күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБисинен маалымдашты. Кечээ, 27-июнда үйлөрдүн биринин короосунан эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу дарекке барып, ал жерден 1984-жылы туулган жарандын күч колдонуп өлтүрүлгөн белгилери бар жансыз денесин табышкан. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип, 1982-жылы туулган аялы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштеринин жүрүшүндө, кылмыш жубайлардын ортосундагы чыр-чатактан улам аялы күйөөсүн бычак менен сайып алганы белгилүү болгон. Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.