SerepTV Logo

"Уруш учурунда жыныс мүчөсүн көрсөтүп...". Оштогу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн кармалышынын жаңы жагдайлары (сүрөт)

"Уруш учурунда жыныс мүчөсүн көрсөтүп...". Оштогу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн кармалышынын жаңы жагдайлары (сүрөт)

Ош шаардык сотунун судьясы мурда 24 ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылган, ИИМдин атайын тизмесинде «уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү» катары турган 1991-жылы туулган жаранды үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал акыркы жолу 18-сентябрда коншусунун үйүнө атасы менен барып, биргеликте 5 адамдын (айрымдары аял кишилер) денесине жараат келтиришип, урушкан. Беш адамдын арызынын негизинде тергөө иштери жүрүп жатат. Жабырлануучулардын бири 1989-жылы туулган аял оор абалда. "Чыр учурунда ата менен бала милиция кызматкерлердин талабына баш бербестен, коӊшуларга кол салууга аракетин уланта берген. Коншуларды, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын укпастан уят сөздөр менен сөгүп, ажыратууга аракет жасап жатышкан милиция кызматкерлерине жана жарандарга атасы жыныс органдарын көрсөтүп тилдеген. Бул тууралуу видеоматериалдар бар. Бүгүнкү күндө Ош шаарынын сотунун судьясы тарабынан үй камагына чыгарылган, мурда 24 жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган ата менен бала тарабынан кайрадан коӊшуларына карата басым, коркутуулар жасалып жаткандыгы тууралуу маалыматтарды милиция текшерүүгө алды", - деп айтылат маалыматта.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 18-сентябрдагы эки коӊшунун жаӊжалы тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирген.

"Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Ош шаардык ооруканасынан жана Ош шаарынын Достук көчөсүнүн тургунунан маалымат келип түшкөн. Оруканадан аталган көчөнүн тургуну 1989-жылы туулган кыздын бетинин жаак сөөгү сынып кеткендиги тууралу маалымат келген болсо, аталган көчөнүн тургунунан бул көчөдө эки коӊшу тарабынан үй-бүлөлөрүнүн катышуусу менен мушташ болуп жаткандыгы тууралуу кабар келип түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барган учурда аталган көчөнүн тургуну - атасы менен уулу экөө коӊшу үй-бүлө менен чатакташып жаткан. Алар милиция кызматкерлеринин жаӊжалды токтотуу боюнча койгон талаптарына баш ийбестен, аларды дагы кошо тилдеп, коомдук тартипти жана жалпыга бирдей жүрүм-турум эрежелердин талаптарын одоно бузуп, коӊшусунун үй-бүлө мүчөлөрү менен урушууну улантууга аракет жасаган. Милиция кызматкерлери барган убакытка чейин ата-бала коӊшу үй-бүлөнүн ээсине (аял киши) жана анын эки уулу менен эки кызынын денесине залал келтиришкен. Кызынын жаак сөөгү сынып, ооруканага жеткирилген. Коӊшу аялдын уулуна таандык Нексия үлгүсүндөгү унаасын талкалашып, өрттөп жиберишкен. Маалымат боюнча барган милиция кызматкерлери күчөп бараткан чырдын алдын алып калышкан. Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой, 18-сентябрь күнү адегенде бир көчөнүн тургундары 1991-жылы туулган жаран (мурда бир нече ирет сот жообуна картылган, ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тизмеде турат) жана анын коӊшусу 1983-жылы туулган жаран экөөнүн ортосунда чыр чыгып, 1991-жылы туулган жаран 1983-жылы туулган жарандын унаасын өрттөп, канцелярдык бычак менен кол салып, сол колуна жарат келтирген. Экөөнүн чырына 1991-жылы туулган жарандын атасы аралашып, ата-бала биргеликте ур-токмокко алышкан. Учурда ата-бала тарабынан жабыр тарткандыгы тууралуу коӊшу үй-бүлөнүн беш тургуну арыз жазган. Ошол эле мезгилде шектүү тарап дагы ооруканада коӊшулары тарабынан сабалгандыгы тууралуу айтып жатат. Бул факты боюнча негизги чырдын уюштуруучусу, баштоочусу катары 1991-жылы туулган, мурда бир нече ирет соттолгон, ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган жаран Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын атасынын учурда бул окуяга канчалык тиешеси бардыгы иликтенүүдө. Ооруканадан чыгышы менен тергөө кызматы тарабынан анын дагы жоопкерчилиги каралат. Жазык кодексинин 266-беренесинин (бейбаштык) белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Учурда бул окуяны ар тараптуу иликтөө боюнча тиешелүү иш чаралар жүрүп жатат", - деп айтылган маалыматта.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="74399,74400,74401,74402,74403,74404"]