SerepTV Logo

Унаасын жана 4400 долларын алып кеткен. Чүйдө алдамчылыкка шектүү кармалды

Унаасын жана 4400 долларын алып кеткен. Чүйдө алдамчылыкка шектүү кармалды
Алдамчылык иш-аракети менен олуттуу материалдык зыян келтирген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Маалыматка караганда, 2019-жылдын февраль айында жаран пластикалык терезелерди жана эшиктерди орнотууга байланышкан курулуш иштерин сапаттуу жасап берем деген шылтоо менен башка жарандын ири суммадагы акча каражатын алдап алып кеткен. Ал 4400 доллар жана Даймлер Крайслер S320 үлгүсүндөгү автоунааны алдын ала төлөм катары алып, изин жашырып кеткен. 2021-жылы алдамчылык аракеттеринен жабыр тарткан жаран милицияга кайрылган. Аталган факты бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлө баштаган. Шектүү боюнча ыкчам маалымат алынып, бул кылмыш ишине мурда бир нече жолу соттолгон Чүй облусунун Токмок шаарынын жашоочусунун тиешеси бардыгы аныкталган. Жакында март айында мурда төрт жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 41 жаштагы жаран кармалды. Ал тергөө органдарына жеткирилип, иликтөө иштери жүрүүдө.
Unknown Author