SerepTV Logo

"Унаасы менен кийимдери суу жээктен табылган". Ошто 27 жаштагы жигит дайынсыз болуп жатат

"Унаасы менен кийимдери суу жээктен табылган". Ошто 27 жаштагы жигит дайынсыз болуп жатат
Ошто 27 жаштагы жигит Ак-Буура-Араван каналынан изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, жигит 28-июнь күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. ИИМдин кызматкерлери издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжада Ак-Буура-Араван каналынын жээгинде унаасы жана кийимдери табылган. 30-июнь күнү издөө иштерин жүргүзүү максатында Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 18 куткаруучу, ИИМден 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылып, саат 18:00дө издөө иштери убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон эмес. Издөө иштери бүгүн, 1-июль күнү улантылат.