Унааны ижарага алып, дайынсыз кеткен. Ысык-Атада 3 кишини сызга отургузган жаран кармалды
Ысык-Ата районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 2020-жылдын декабрында Ысык-Ата райондук милициясына 1995-жылы
туулган жаран арыз менен кайрылып, “Антон” аттуу чала тааныш бала анын ишенимине кирип, автунаасын ижарага алып, ошол боюнча дайынсыз болуп кеткенин билдирген. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнин жана Ысык-Ата РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1990-жылы туулган жаран кармалган. Териштирүү учурунда кармалган жарандын автоунааларды арендага алып ошол боюнча дайынсыз болуп жүргөн дагы 2 фактыга тиешеси бар экени аныкталган. Алардын бири Ысык-Ата районунда, экинчиси Аламудүн районунда орун алган. Шектүү жаран ижарага алган унаалардын бирин башка автоунаага алмаштырып жибергени да маалым болгон.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алыып, анын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.