SerepTV Logo

"Унаага салып кетип, чоң суммадагы акча талап кылган". Бишкекте 22 жаштагы жигит уурдалган

"Унаага салып кетип, чоң суммадагы акча талап кылган". Бишкекте 22 жаштагы жигит уурдалган
Милициянын кайгуул кызматы адам уурдоого шектүү жарандарды аныктады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. 5-майда саат 14:40 чамасында милицияга 2000-жылы туулган жаран жардам сурап жатат деген маалымат түшкөн. Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда, 4-майда саат 18:00 чамасында 2000-жылы туулган жаранды чала тааныш болгон 8-9 бала Байтик Баатыр көчөсүнөн БМВ Е60 үлгүсүндөгү унаага эркине каршы салып кетишип, эртеси күнү 5-май саат 14:00гө чейин үйдө кармап, коркутуу жолу менен чоң суммадагы акча талап кылышкан. Чакыруу менен барган Кайгуул кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1994 жана 1993-жылы туулган жарандарды кармашып, Биринчи Май РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүп беришти. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="109016,109017"]