SerepTV Logo

"Унаада кыпчылып калышкан". Таң эрте Жалал-Абадда 3 адамдын өмүрү кыйылды (сүрөт)

"Унаада кыпчылып калышкан". Таң эрте Жалал-Абадда 3 адамдын өмүрү кыйылды (сүрөт)

Жалал-Абадда жол кырсыгынан 3 адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсык бүгүн, 15-сентябрь күнү саат 07:10 чамасында катталган. Анда Бишкек-Ош унаа жолунун 308-чакырымында MAN үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаасы менен Жигули ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаадагы 3 жаран (эркек киши) окуя болгон жерде каза болгон. 5 куткаруучу тартылып, алар жеңил унаада кыпчылып калган 3 жаранды чыгарып, Тез жардам унаасы менен Токтогул райондук оорукананын өлүкканасына өткөрүп беришти. Каза болгон жарандардын аты-жөнү такталууда.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="72724,72725,72726,72727,72728"]