SerepTV Logo

"Унаада кыпчылып калган". Көк-Талаа айылындагы жол кырсыктан 1 адам жабыркады

"Унаада кыпчылып калган". Көк-Талаа айылындагы жол кырсыктан 1 адам жабыркады
Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 108-чакырымында (Көк-Талаа айылы) жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, Дэу Тико жана Хово үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Дэу Тико үлгүсүндөгү унаанын айдочуусу 1997-жылы туулган жигит унаада кыпчылып калган. Куткаруучулар жаранды унаадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришти.
edita