SerepTV Logo

Унаа тейлөөчү жайда 2 унаа толугу менен күйүп кеткен

Унаа тейлөөчү жайда 2 унаа толугу менен күйүп кеткен
Кечээ, 8-июнда Чүйдүн Аламүдүн айылындагы Алма-Ата көчөсүндө жайгашкан жалпы эки кабаттуу унаа тейлөөчү жайдын чатыры күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, БМВ менен Кадиллак Эскалейд үлгүсүндөгү эки унаа толугу менен өрттөнгөн. Жалпы үч бөлүм өрттү саат 22:45те толук өчүргөн. Кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.
Unknown Author