SerepTV Logo

"Унаа оодарылып, Гүлчө суусуна кирип кеткен". Алайдагы жол кырсыктан 50 жана 51 жаштагы жарандар көз жумду (сүрөт)

"Унаа оодарылып, Гүлчө суусуна кирип кеткен". Алайдагы жол кырсыктан 50 жана 51 жаштагы жарандар көз жумду (сүрөт)

Алайда жол кырсыктын кесепетинен 2 адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 93-чакырымында Тойота Ист унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай оодарылып, Гүлчө суусуна түшүп кеткен. Жерине Алай райондук №68 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылган. Кырсыктын кесепетинен 1970-жылы туулган эркек киши жана 1971-жылы туулган аял киши көз жумган.

Куткаруучулар унааны жана каза болгон адамдарды суудан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="66430,66431,66432"]