SerepTV Logo

«Унаа» мамлекеттик мекемесинде коррупция жана документтерди жасалмалоо фактылары аныкталды

«Унаа» мамлекеттик мекемесинде коррупция жана документтерди жасалмалоо фактылары аныкталды
"Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин айрым бөлүмдөрүндө документтерди жасалмалоо фактылары аныкталды",- деп билдирди бүгүн, 5-мартта ИИМдин басма сөз кызматы. Расмий маалымат боюнча, Орусиядан алынып келген автоунаалардын документтерин жасап турушкан. «Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүздү. Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын аймагына Деу-Нексия, ВАЗ жана башка үлгүдөгү унаалар Орусия Федерациясынан алынып келгени жана алар жасалма документтерди колдонуу менен мыйзамдаштырылганы жөнүндө маалымат түшкөн. Тергөө кызматы (Ош шаары) ушул жылдын февраль айында Жазык кодексинин 359-беренеси ("Документтерди жасалмалоо") боюнча сотко чейинки тергөө ишин баштаган. Аймактар аралык башкармалыктын ыкчам кызматкерлери тарабынан сотко чейинки тергөө иш-чараларынын алкагында соттун токтомунун негизинде "Унаа" мамлекеттик мекемесинин бир нече бөлүмдөрүндө айрым иш кагаздардын түп нускалары алынды. Тактап айтканда, транспорттук каттоого байланыштуу документтерди текшерүү иштери "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад жана Баткен облустук башкармалыгында (Кызыл-Кыя шаарында) жүргүзүлдү. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө аталган мекемелерде мыйзамсыз иш-аракеттер аныкталды»,- деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө. «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад жана Баткен облустук башкармалыктарынын бир катар кызматкерлери сурак беришти. Тергөө амалдары жүрүп жатат.
edita