"Унаа жолдон чыгып, сайга түшүп кеткен". Кара-Көлдө 23 жаштагы жигит көз жумду (сүрөт)
Бишкек-Ош унаа жолу 403-чакырымында Кара-Көл шаарында Chevrolet Cruze үлгүсүндөгү жеңил унаа жолдон чыгып, сайга кулап кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыктын кесепетинен 1998-жылы туулган жигит каза болуп, 3 жаран жеңил жаракаттарды алышкан, унаа сууга жеткен эмес.
Каза болгон жаранды куткаруучулар жеткенге чейин жүргүнчүлөрү чыгарып, Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="62623,62624"]