SerepTV Logo

"Унаа жолдон чыгып, оодарылып калган". Нарындагы жол кырсык 35 жаштагы кишинин өмүрүн алды (сүрөт)

"Унаа жолдон чыгып, оодарылып калган". Нарындагы жол кырсык 35 жаштагы кишинин өмүрүн алды (сүрөт)

Нарындагы жол кырсыктын кесепетинен 1 адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 407-чакырымында катталган. Анда Ford Mondeo унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 1986-жылы туулган эркек киши каза болуп, 1985 жана 1986-жылы туулган жарандар ар кандай жаракат алышкан. Жерине №45 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркаган жарандар Ат-Башы райондук ооруканага жеткирилген.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="68490,68491,68492"]