SerepTV Logo

Улуттук илимдер академиясынын бухгалтериясында өрт чыгып, иш кагаздар күйдү (видео)

Улуттук илимдер академиясынын бухгалтериясында өрт чыгып, иш кагаздар күйдү (видео)

Бишкектеги Улуттук илимдер академиясынын бухгалтериясында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

15-ноябрь күнү саат 10:49 чамасында Улуттук илимдер академиясынын Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы корпусунун 3-кабатында жайгашкан бухгалтерия бөлмөсүндө өрт чыгып, стол, отургучтар жана иш кагаздар күйгөн. Өрт саат 11:14тө чектөөгө алынып, саат 11:41де толук өчүрүлдү. Өрттү өчүрүүгө 2 өрт өчүрүү бөлүм тартылган. Учурда кырсыктын себеби такталууда.