SerepTV Logo

Ооруканага түшкөн жаран каза болду. Шектүүлөр кармалды

Ооруканага түшкөн жаран каза болду. Шектүүлөр кармалды
Улуттук бейтапканага Тез жардам менен жеткирилген жаран каза болду. Шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Кечээ, 29-декабрь саат 14:48 чамасында Бишкек ШИИБдин “102” кызматына Улуттук бейтапкананын жандандыруу бөлүмүнөн өздүгү аныктала элек, болжол менен 30-35 жаштар чамасындагы эркек киши каза болуп калганы тууралуу маалымат түшкөн. Тергөөнүн жүрүшүндө каза болгон 1990-жылы туулган жарандын өздүгү аныкталган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, 1996 жана 2000-жылы туулган шектүүлөр аныкталып, кармалган. Алар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ошону менен бирге учурда кармалган шектүүлөрдүн башка кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.  
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от uvd_pervomaisky312 (@uvd_pervomaisky)