SerepTV Logo

Укук коргоочу 7 жыл мурда өспүрүм кыз зордукталганын, ишке чекит коюлбай жатканын айтты

Укук коргоочу 7 жыл мурда өспүрүм кыз зордукталганын, ишке чекит коюлбай жатканын айтты

Укук коргоочу Назгүл Турдубекова журналисттерге 13 жаштагы майып кызды зордуктоо боюнча дагы бир кылмыш иши тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, Бишкек шаардык соту жашы жете элек майып кызды топ болуп зордуктоо боюнча ишти кайра кароону баштайт. «7 жылдан ашык убакыттан бери укук коргоо жана сот органдары бул ишке чекит коё албай келет. Жабырлануучу 20 жашка толуп калды. Бул Сокулукта болгон. Ал жерде тергөө жана сот процесси үч жылга созулуп, андан кийин дагы бир нече жыл Чүй облустук сотунда каралган. Чүй облустук сотунун төрагасынын орун басары, бизге жеткен маалыматтар боюнча, айыпталуучулардын биринин тууганы. Бул ачыкка чыгып, ошондуктан Жогорку Сотто адвокат Чолпон Кудайбердиева ишти жаңыдан кароо өтүнүчү менен кайрылган. Ал Бишкек шаардык сотуна өткөрүп берилген», - деди укук коргоочу.