Украинадагы согушта Орусиянын жарандыгын алган Ислам Абдрахмановдун көз жумганы айтылды
Украинадагы согушта Орусиянын жарандыгын алган Ислам Абдрахмановдун көз жумганы айтылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары анын жакындарына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, жигит 21 жашта болчу. Анын 21-июнда эле каза болгону айтылды. Сөөк 21-июль күнү Кант авиабазасына жеткирилген. Бүгүн, 22-июлда Нарын шаарына жеткирилет. Исламдын ата-энеси Орусиянын жарандары, Ислам өзү Орусиянын армиясында кызмат өтөп жүргөн.
Буга чейин Эгемберди Дорбоев, Рустам Зарифуллин, Исламжон Камилов, Сыргакбек Өзүбеков, Аманбек Курбанбаев, Руслан Полотов, Адилет Алиев, Мирлан Тохтахунов Украинадагы согуштук аракеттерде курман болгон.