SerepTV Logo

УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев сотко барды

УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев сотко барды
УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев 2-декабрда Бишкектин Биринчи Май раойндук сотуна Кой-Таш окуясы боюнча күбө катары көрсөтмө берүү үчүн барганын "Азаттык" жазды. Соттук жараянга кирер алдында ал 2020-жылдагы Октябрь окуясындагы жоопкерчилиги, Кой-Таш окуясы тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып, “соттук отурумдан кийин комментарий берем” деп убада кылган. Бийлик алмашууга алып келген 2020-жылдагы октябрь окуяларынан бери ИИМдин жана УКМКнын мурдагы жетекчилери Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаевдин кайда экени белгисиз болуп жаткан.
edita