УКМКнын кызматкерине пара берип жаткан жеринен Бишкек мэриясынын ишканаларынын биринин эсепчиси кармалды
УКМК кызматкерине Бишкек мэриясына караштуу ишканалардын биринин бухгалтери пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканаларынын биринин башкы эсепчисинин пара берүү ишине бөгөт коюлду. УКМК арызды кароо учурунда муниципалдык ишкананын бир катар каржылык мыйзам бузуулары аныкталган. 31-майда кармалган жаран мыйзам бузууларды жашырганы үчүн УКМКнын кызматкерине 50 миң сом өлчөмүндө пара берүүгө аракет кылгандыгы аныкталган. Бул факты боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголду. 4-июнда коопсуздук органдын кызматкерине 50 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен эсепчи кармалды. Учурда козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралардын комплекси жүрүп жатат.