УКМКнын атын жамынып өзгөчө ири өлчөмдө каражат алган алдамчылар кармалды
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилигинин атын жамынып, ири өлчөмдө каражат алган шылуундар кармалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар УКМКнын атынан атайын органдар тарабынан кылмышка шектелип, тергелип жаткан адамдын туугандарынан "ишти оң жакка чечип беребиз" деп 180 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын алышкан.
Мындан улам бүгүн, 9-мартта, жогорудагы кылмышка шектүү 1972-жылы туулган Абдыразак Кожоев жана 1978-жылы туулган Кумар Мамаджанов аттуу эки жаран кармалды. УКМК аларды тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизди.
Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш ишине катталды.
Ошондой эле УКМК аталган адамдардын алдамчылык аракеттерине чалдыккан жарандар болсо, тиешелүү арыз менен же телефон аркылуу УКМКнын нөөмөт кызматынын 0312 66-04-75 кайрылуусун суранат.